Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттүСоцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалдыСуусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди
Дүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов жарым финалга чыкты (видео)
23.09.2023 | 20:04
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов (67 кг) Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Исмалиов бүгүн, 23-сентябрда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал литвалык Криступас Слейваны 10:0 эсебинде жеңди. 1/8 финалда ал франциялык балбан Мамадасса Силланы 8:0 эсебинде утту.
Ал эми чейрек финалдагы кармашында грузиялык Жони Хецурианини 10:0 эсеби менен жеңди.
Жарым финалда ал кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен күрөшөт.
Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:25те башталат. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.