Аламүдүн районунда эки жашар баланын өлүмүнө 22 жаштагы аял менен 27 жаштагы эркек шектелүүдө. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милицияга 28-сентябрь күнү, «Көк-Жар» жаңы конушунда 2021-жылы туулган С.А. ысымдуу бала белгисиз себептерден улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшөт.
Текшерүү учурунда баланын денесинен ур-токмоктон пайда болгон көк-ала тактар аныкталган.
«Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Сот-медициналык экспертизанын бүтүмүндө, бала денесиндеги оор жаракаттан жана боору жарылып кетип набыт болгону айтылат.
Кылмышка шектелип баланын өз энеси жана чогуу жашаган чет элдик жаран кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз