Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
«Манас» аэропортуна Жидда-Бишкек катамы боюнча алгачкы учак конду
03.10.2023 | 16:28
Бүгүн Бишкекке Жидда-Бишкек-Жидда (Мекке) багыты боюнча биринчи аба каттамы келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Жиддага учак жумасына үч жолу (шейшемби, бейшемби жана ишемби) учат. Бишкекке конгон учак 50 мүнөттөн кийин, саат 09:20да кайра абага көтөрүлөт. Жидда аэропортуна кайтуу убактысы — 12:30.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-августунан тарта Flynas авиакомпаниясы 22 кишилик бизнес-класс салону менен 174 орундуу Airbus 320neo учактары менен Жиддадан Ошко жумасына 3 жолу түз каттамдарды аткарып келет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом