ФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктады
Аламүдүн районунда эки жашар баланын өлүмүнө энеси шектелүүдө
03.10.2023 | 16:51
Аламүдүн районунда эки жашар баланын өлүмүнө 22 жаштагы аял менен 27 жаштагы эркек шектелүүдө. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милицияга 28-сентябрь күнү, “Көк-Жар” жаңы конушунда 2021-жылы туулган С.А. ысымдуу бала белгисиз себептерден улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшөт.
Текшерүү учурунда баланын денесинен ур-токмоктон пайда болгон көк-ала тактар аныкталган.
“Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголду. Сот-медициналык экспертизанын бүтүмүндө, бала денесиндеги оор жаракаттан жана боору жарылып кетип набыт болгону айтылат.
Кылмышка шектелип баланын өз энеси жана чогуу жашаган чет элдик жаран кармалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар