Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Нурланбек Шакиев менен бирге жети депутат Минскке жөнөп кетти
04.10.2023 | 10:11
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Беларусияга расмий иш сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Делегацияны төрага Нурланбек Шакиев жетектеп, анын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.
Жогорку Кеңеш Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрүн кабарлап, бирок кимдер менен баарлашуу пландалганын белгилеген эмес.
“Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом