Азия оюндары: Махмудов атаандашын 31 секундда жеңип, жарым финалга чыкты

Азия оюндары: Махмудов атаандашын 31 секундда жеңип, жарым финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 4-октябрда Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер башталып, жарыштын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыкты.

Беттешти чейрек финалдан баштаган Махмудов биринчи кармашында камбожалык Сопхак Кео менен күч сынашты.

Акжол Махмудов беттеш башталгандан кийин, убакытты көп коротпой, атаандашынын далысын килемге басып, 31 секундда таза жеңишке жетти.

Эми жарым финалда ал казакстандык Азат Садыков менен күрөшөт.

Күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим (4-5-октябрь), кыз-келиндер (5-6-октябрь) жана эркин күрөш (6-7-октябрь) боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>