“Акчаңды көбөйтүп беребиз”. Алдамчылыкка шектелип 63 жана 66 жаштагы эки аял кармалды

19.10.2023 | 17:55

Бишкекте 63 жана 66 жаштагы эки аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-сентябрда милицияга М.О. аттуу аял кайрылган. Алар арызында билдиргендей, 2022-жылы 20-январда бир уюмдун кызматкерлери акчасын дивиденд түрүндө көбөйтүп беребиз 30 миң доллар алып, алдап кетишкен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 63 жаштагы С.А. жана 66 жаштагы Ч.З. аттуу аялдар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда алардын ушул сыяктуу 5 алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.

Иликтөө иштери уланууда.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(703) 686- 883,0(707) 775-557, 0(700) 717-515 же 102 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top