Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
Пара Азия оюндары: Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк күмүш утту
23.10.2023 | 16:24
Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жалалидин Абдувалиев 5 чакырым аралыкка жарышка түшүп, бул аралыкты 17 мүнөт 18 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал күмүш байгеге татыган.
Эскерте кетсек, аталган мелдеш 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт