Надира Нарматова мыйзамдын арабча атылышына каршы чыкты

Надира Нарматова мыйзамдын арабча атылышына каршы чыкты

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин  жыйынында депутат Надира Нарматова “Вакф (вакуф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышына каршы чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, башка тилди мыйзам долбоорлорунда колдонуу Конституцияга каршы келет.

“Мындай сөз кыргыз тилинде жок. Бизде дин менен мамлекет ажыратылган. Өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз, улуттук балуулуктарыбыз бар. “Вакуф” сөзүнүн маанисин кыргызча жазып койсок болот. Башка улуттук тилин таңуулоо туура эмес. Бир сөз аркылуу килтейген бомбаны кыстарып койбогула. Бул мааниге туура келген накта өзүбүздүн сөзүбүз бар. Кайрымдуулук, же соопчулук фонду деп коелу”, — дейт ал.

Надира Нарматова Кыргызстандагы 30 миң коомдук уюмдардын 40 пайызы ансыз деле кайрымдуулук менен алектенерин кошумчалады.

Демилгечи депутат Жалолидин Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоордун аталышы өтө маанилүү эмес.

“Аталышы иштөө принциптерине туура келет. Мында жарандар өзүнүн мүлкүн, акчасын соопчулук иштери үчүн өткөрүп беришет. 100 жыл мурда дагы Кыргызстанда мындай фонддор болгон”, — дейт.

Жыйында муфтият дагы аталган мыйзамга каршы чыкканы айтылды.

“Муфтият вакф ислам принциптерине туура келбейт деп эсептейт. Бул демилгеде тобокелчиликтер бар. Себеби, мыйзам кабыл алынса көптөгөн кооперавтивдер пайда болуп, өзүн максаттарын актабай калышы ыктымал”, — дейт дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канат Мидин уулу.

Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>