Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Нарында ишкерлер митингге чыгышты (видео)
24.10.2023 | 16:23
Нарын шаарындагы базардын соодаргерлери митингге чыгышты. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Алар салык режиминин өзгөрүүсүнө, кассалык аппараттарды коюуга каршылыгын билдиришти. Алар мындан ары дагы патент менен иштөөгө уруксат берүүнү суранышат.
“Бизге 0,5, 0,10 пайыз дегендин кереги жок. Патент менен иштей беребиз. Мындай нерселерди билген эмеспиз”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда соода ишмердигине патент болбойт. Ишкерлерге 0,1 пайыз ставкасы менен бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасына өтүү сунушталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом