Кылмыштуулук менен да күрөшкөн, ыр да жазган улук лейтенант Мирболот

Кылмыштуулук менен да күрөшкөн, ыр да жазган улук лейтенант Мирболот

Милиция кызматкери болуп иштөө — ары түйшүктүү, ары жооптуу кызмат. Жумушунун оордугуна карабай, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында колуна калем кармап, ыр жазган милиция кызматкерлери бар.

Баткен облустук милициясы ыр жазган улук лейтенант Мирболот Мурзакуловду милиция кызматы менен поэзия учкундарын чогуу алып жүргөн адам катары мүнөздөйт. Мирболот Мурзакулов — 32 жашта, 3 кыздын атасы. Ал Баткен облустук милициясынын катчылыгында жашырундуулук режим боюнча тескөөчүсү кызматын аркалайт. Ички иштер органдарына 2015-жылы келип, алгачкы кызматын ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын катардагы милиционери болуп баштаган.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө айдоочу, «Касым Шадыбеков» атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчү нөөмөтчүсү, Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчү нөөмөтчүсү болуп, 2023-жылдын жай айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгына которулуп, катчылыктагы жашырундуулук режим боюнча тескөөчү болуп эмгектенүүдө.

Мирболот Мурзакуловдун бир тууган агасы ИИМдин Ички аскерлеринде ротанын командири болуп кызмат өтөгөндүктөн, ал жаштайынан агасынын формаларын кызыгып кийип, наамдарды сурап, жатка билгенин экенин айтат. Окуу жайды аяктаган соң Ош шаарындагы Ички аскерлердин №703 бөлүгүндө кызмат өтөп, аскердик билет алгандан кийин милиция кызматкери болуп иштей баштаган.

Мирболот Мурзакулов жан дүйнөсү адабиятка, поэзияга жакын болуп, 23 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Алгачкы ырын Мекенге арнап, кийин апасына, досторго, аялына арнап жазган.

«Кайсы бир окуядан катуу таасирленсем, ошондо ыр жазуу сезимим ойгонот», — дейт ал.

Окурмандарга Мирболот Мурзакуловдун ырларын сунуштайбыз:

Энекем

Алтын энем, асыл энем, ардагым,

жашоо берген, өмүр берген адамым.

Канча күндөр, кыйналып сен чоңойттуң,

жаным энем, ак сүтүңдү актаймын.

Атам болдуң, энем болдуң энекем,

күндөрүмдү сагындым, сен эркелеткен.

Кайда барсаң, дайыма ыйлап ээрчип,

жаштыгымда, сени кыйнап тентек элем.

Жылдар өттү, айлар өттү арадан,

азыр сенин чачтарынды ак баскан.

Жаштыгынды өмүрүңдү бизге арнап,

ааламда жок го деймин сендей адам.

Канча кыйын күндө дагы чыдадың,

балаң үчүн канча жолу кыйналдың.

Актай албайм ак сүтүңдү энекем,

сенсин менин мойнумдагы тумарым.

Мен оорусам сен да кошо ооруйсуң,

күлсөм эгер дайым кошо күлөсүң.

Карааныңдан кагылайын энекем,

билемин мен, мен деп жашап жүрөсүң.

Энем бактым, энем менин таалайым,

арабызда аман болгун ар дайым.

Энем болсо, башкасы кереги жок,

Алладан жалгыз ушул суранарым.

Мен — милиция

Мен — милиция арыздарды каттаган,

мен — милиция талыкпаган шашпаган,

чек арада болуп калса бир көйгөй,

курал алып чек арага аттанам.

Мен — милиция элдин билген маанайын,

өз ишинде ар убакта ар дайым,

кыйынчылык татаал ашуу белдерде,

артка кайтпай күчөй берген ансайын.

Мен — милиция кылмышкерди кармаймын,

мекениме берген анттан тайбаймын.

Мен — милиция, угуп алгын Ата Журт!

Мага ишенген милдетимди актаймын.

Мен — милиция караңгыда жол сызган.

Мен — милиция керек болсо окко учкан.

Мен үчүн турбайт өйдө эч нерсе,

милдеттен, мекен менен намыстан!

Мен — милиция коопсуздукту караган.

Бейпил жашоо тынчылыкты самаган.

Мен — милиция ушул менин аймагым,

Тынч уйкуда жатса деймин ар бир жаран.

Мен — милиция билим менин куралым,

Тартип менен тазалык бул урааным.

Сапта турган ар бир сержант, офицер,

Аман болгун кесиптешим, тууганым.

Досторго

Ийгиликке жетишсең,

сүйүнбөгөн достор бар.

Өтүп кетсең дүйнөдөн,

күйүнбөгөн достор бар.

Жаман болсоң да мактап,

айта берер достор бар.

Айтып алып сөзүнөн,

кайта берер достор бар.

Жакшылыкка ээрчитип,

жүрө турган достор бар,

Жамандыкта жаныңда,

күйө турган достор бар.

Жамандыкты мактанып,

бүтпөй турган достор бар.

Акыретте күнөөнү,

жүктөй турган достор бар.

Аялыңа бир карап,

суктанган да достор бар.

Байлыгыңа бир карап,

жутунган да достор бар.

Карап туруп, дайыма

сынаган бир достор бар.

Сөгүнсөң да, кыйнасаң,

чыдаган бир достор бар.

Бары-жогу билинбей,

жүргөн дагы достор бар.

Дайым айтып жакшы сөз,

күйгөн дагы достор бар.

Адилеттүү сөз айтып,

сүйүнгөн бир достор бар.

Көтөрүлсөң жумуштан,

күйүнгөн бир достор бар.

Жамандыгыңды айтып,

какшап турар  достор бар

Жаман көрүп, ичинен,

мактап турар достор бар.

Жаштыктагы катаны,

айтып турар достор бар.

Ар бир сөзү уу сымал,

Сасып турар достор бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>