Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Эсеп 24:11. Кыргыз балбан утулуп жатып, атаандашынан жеңишти сууруп кетти (видео)
24.10.2023 | 17:28
Эркин күрөш боюнча балбан Аден Сакыбаев 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 1/8 финалга чыкты.
65 салмакта күрөшкөн Аден Сакыбаев 1/16 финалдагы биринчи беттешинде түштүк африкалык спортчу Фредерик Нортье менен кез келген. Алгач анын атаандашы 2:10 эсебинде алдыга чыгып, кыргызстандык балбан жеңиле баштаган. Бирок ал моюн сунуп калбай, атаандашынан жеңишти сууруп кетүүгө жетишти. Беттеш 24:11 эсебинде жыйынтыкталды.
Эми ал 1/8 финалда бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Ислам Гусейнов менен күрөшөт.
Мелдеш Албаниянын Тирана шаарында 23-октябрда башталган, 29-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз