Россияда кыргыз жараны каза болгондо көрүлүүчү чаралар

Россияда кыргыз жараны каза болгондо көрүлүүчү чаралар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда кыргыз жараны  каза болгондо көрүлүүчү чараларды жана маркумдун туугандарына жардам бере турган мекемелердин телефон номурларын жарыялады.

Ага ылайык биринчи төмөнкү кадамдар талап кылынат:

  • 102 телефондору боюнча полиция кызматкерин жана өлүмдү тастыктоо үчүн 103 телефондору боюнча  бейтапкананын участкалык дарыгерин чакырыңыз, же 112 бирдиктүү номери боюнча чалыңыз;
  • Эгер ооруканада каза болсо, анда туугандарына маркумдун сөөгү кайсы моргдо экендиги жөнүндө маалымат берилет.  Мындай учурда жакындары дароо моргго өлгөндүгү тууралуу медициналык маалым кат алуу үчүн кайрыла алышат;
  • Эгер коомдук жайда каза тапса, анда маркумдун сөөгү соттук-медициналык моргго жөнөтүлөт. Өздүгү такталбаган өлгөн адам тууралуу маалыматтар (оорулуу адамдар сыяктуу) Кырсыктарды каттоо бюросуна түшөт. Андыктан жакындары дайынсыз жоголгондорго полиция кызматкерлери тез арада бюрого кайрылууну сунуштайт.

Андан кийин өлгөндүгү тууралуу медициналык маалымкат алуу зарыл. Ал үчүн төмөнкү мекемелерге кайрылуу керек:

— Москва шаарынын саламаттыкты сактоо мекемесинин патологоанатомиялык бөлүмүнөн же Соттук-медициналык экспертиза бюросунан;

— Москва шаарынын Троицкий жана Новомосковский административдик райондорунда (ТНАО) медициналык күбөлүк поликлиниканын врачы тарабынан берилет;

— Нике каттоо бөлүмдөрүнөн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана өлгөндүгү тууралуу маалым кат аласыз.

Мамлекет чет өлкөдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берет.

Бир жолку төлөм маркумдун туугандарына берилет. Ал үчүн арыз менен бирге төмөнкү документтерди жөнөтүү керек:

— герби бар өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;

— алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

— туугандыгын тастыктаган документтердин (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк) көчүрмөсү.

Маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүүгө жардам көрсөтүүчү мекемелер:

  • Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү. Дареги: Москва ш., Малая полянка көч., 7-үй, 5-түз, Тел.:+7 495 197 76 71; Эл.д: pred.mtsom@mail.ru
  • Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 916 445 52 75);
  • Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы (тел.+7 982 159 12 92);
  • Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы (тел+7 929 512 39 05);
  • Элчиликтин Красноярск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 926 716 06 75);
  • Элчиликтин Владивосток шаарындагы канцеляриясы (тел.+7 964 713 85 17);
  • Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы (тел+7 916 094 00 11);
  • Элчиликтин Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу (тел+7 999 300 992, 7 913 771 85 15);
  • Элчиликтин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу     (тел+7 909 015 22 78).
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>