Муфтият вакуф боюнча мыйзам долбоорго терс пикирин түшүндүрдү

Муфтият вакуф боюнча мыйзам долбоорго терс пикирин түшүндүрдү

Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып жаткан “Вакф (вакуф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору ислам принциптерине туура келбейт. Бул тууралуу муфтияттан Reporter.kg’ге билдирди.

Алардын айтымында, мыйзам долбоордо экономикалык жагдайларга көбүрөк басым жасалып, бирок адам укуктары жетиштүү түрдө корголбой калган.

“Ооба «Вакуф» түшүнүгү жана анын негизинде иштеген фонддор мусулман өлкөлөрүндө кеңири тараган. Мыйзам долбоору май айында муфтиятка жөнөтүлүп, карап чыгууну сунушташкан экен. Биздин адистер анда шарияттын припциптери сакталбай калганын аныкташкан. Негизи исламда адам укуктары жакшы корголуп, айрыкча адам акысына өтө чоң маани берилет. Вакуф – бул кудайдын мүлкү, же Аллаанын ыраазычылыгы үчүн берилген мал мүлк”, — дейт муфтият.

Мыйзам долбоорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана айрым депутаттар дагы терс пикирин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорду кечээ парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети биринчи окууда жактырды. Демилге боюнча өлкөдө Вакуф фонду түзүлүп, ал кайрымдуулук үчүн беримлген мүлктү, акчаны башкарат.

Комитеттин жыйынында өлкөдөгү 30 миң бейөкмөт уюмдун 40 пайызы кайрымдуулук менен алектенери айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>