Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Мындан ары бюджеттен бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн акча бөлүнбөйт
01.11.2023 | 14:00
Кыргызстанда бала бакчадагы балдардын тамактануусун уюштуруу толук түрдө ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Быйыл август айында кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөй баштайт.
Учурда аталган маселе өкмөттүн кароосуна киргизилип, ата-энелер балдардын тамактануусуна айына канча акча төлөй турганы эсептелип, такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом