Кыздын себи кымбаттады. Орточо сепке канча акча кетет?

Кыздын себи кымбаттады. Орточо сепке канча акча кетет?

Кыргызстанда күз мезгили тойлорго бай. Алардын ичинде үйлөнүү үлпөт тою да бар. Көп учурда кызын турмуш жолуна узатып жаткан ата-эне сеп камдайт. Сепке берилүүчү буюмдар заманга жараша өзгөрүүдө. Ага берилүүчү буюмдардын баасы сапаты жана үлгүсүнө жараша айырмаланат.

Кыргызстанда тарифтер жана товарларга болгон баалар өскөн сайын септин баасы да көтөрүлүүдө. “Акчабардын” кабарчылары кыздын себине эмнелер кирерине саресеп салды. Бул үчүн Бишкектеги “Мадина”, “Ош” жана “Дордой” базарларындагы бааларды салыштырып, орто эсеп менен канча каражат кетерин эсептеп чыкты.

Эмеректер

  • Эки адамдык уктоочу эмерек — 75 000 сом (орто баасы)
  • Ашкана үстөлү (6 адамдык) — 20 000 сом
  • Чаң соргуч — 7 000 сом
  • Кир жуучу машина — 35 000 сом
  • Кир кургаткыч — 1500 сом
  • Газ плита — 30 000 сом
  • Муздаткыч — 35 000 сом
  • Үтүк — 2 000 сом

Сумма: 205 500 сом

Тамак-аш буюмдары

  • Дасторкон — 2 000 сом
  • Кашык-вилкалар — 2 500 миң сом
  • Идиш-аяктар —  12 000 сом
  • Чайнек —  2 000 сом
  • Казан — 2 000 сом
  • Кол аарчы — 2 000 сом
  • Чара-чака — 2 000 сом
  • Тазик — 300 сом

Сумма: 24 800 сом

Төшөк-жууркандар

  • Килем — 17 000 сом
  • Жер төшөк жана жаздыкчалар —  3000*8=24 000 сом
  • Эт төшөк — 3000*8 = 24 000 сом
  • Жууркандар — 3000*2 = 6 000 сом
  • Төө жууркан 1000*4=4 000 сом
  • Жаздык —  500*4=2 000 сом
  • Көшөгө — 4 000 сом
  • Сандык — 7000*2 =14 000 сом
  • Шейшеп — 1500*4=6 000 сом

Сумма: 103 000 сом

Жалпы суммасы: 332 500 сом (3705 доллар) 

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар жаңы баш кошкон үй-бүлөнүн негизги муктаждыктарын канааттандырат жана баалары мындан да жогору болушу мүмкүн. “Акчабар” сепке канча каражат кетери тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

“Көбүнчө жыгач таш деп айтылат. Буга уктоочу эмерек, сандык, үстөлдөр кирет. Жалпысынан алганда көп каражат кетет. Канча калың берилсе, кайра үстүнө эки эсе кошулуп сеп берилет. Мисалы, 100-150 миң сом калың берилсе, ага дагы 100-150 миң акча кошуп калың берилет. Жалпысынан 300-350 миң сомго сеп берилет”, — дейт Бишкектик тургуну.

“Алы жеткендер балдарыбыз эч нерседен кем болбосун деп, унаа жана батир бергендер да бар экен. Ар ким абалына жараша берет. Менимче, септин жалпы баасы 100-200 миң сомдон башталса керек. Сеп эле эмес, азыр тамак-аштар да кымбаттап кетти. Септин баасы да көтөрүлүп кетти», — дейт дагы бир шаар тургуну.

Кыргызстанда сеп аймактарга жараша да өзгөрөт. Мындан улам, септе кандай буюмдар болушу керектиги так айтылбайт. Коомчулукта септин айынан айрым үй-бүлөлөрдө пикир келишпестиктер да болуп келет. “Мадина” базарында төшөк-жууркан саткан Жамбы Назирова учурда сеп берүү күчөгөндүгүн белгиледи.

“Азыр сеп берүү дагы да күчөдү. Кээ бир адамдар 24 жер төшөк, ар бир жер төшөккө 12 жаздык беришет. 10 жууркан, 6 кыргыз жууркан бергендер да бар. Ошентип 16га чейин жетет. Каалагандар ушундай кылып берүүдө. Азыр эки тарап сүйлөшүп алып жатат. Жаштар колдоно турган гана нерсени беришүүдө. 8 жер төшөк, калган жууркандарын азыраак кылып бергендер да бар. Көбүнчө жеңил төө жууркандарды да беришет”.

Жыйынтыктып айтканда, сепке учурда орто эсеп менен 4 миң доллардай каражат кетет. Бул каражатка Түркияга эки адам 4 жолу барып келе алат.

Даярдаган Жанара Каденова 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>