Кара-Балта суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоого муктаж – депутат«Росатом» жана Кыргызстандын ӨКМи «Кристалл» заводундагы кооптуу калдыктарды жок кылууга киришетБишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууландыКыргызстандын аэропорттору өз эшигин эл аралык фаст-фуд түйүндөрү үчүн ачуудаСоода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттүБишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулат
(U-16): Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпиону болду
03.11.2023 | 09:00
Кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан өспүрүмдөр курама арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорту департаментинен билдиришти.
Спортчу 52 кг салмакта күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал Кытайлык Тайбейдин мушкерин, андан кийин чейрек финалда түркмөнстандык спортчуну техникалык нокаут менен жеңген. Жарым финалда Япониянын мушкеринен күчтүү болуп чыккан.
Алтын медаль үчүн беттеште Амантур Жумаев казакстандык мушкерди жеңип, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону атанды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз