ИИМ: Чүйдө мурда соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

ИИМ: Чүйдө мурда соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда баңги кылмышына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Сокулук районунда мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ошондой эле ал баңгизаттардын туруктуу сатуу каналын түзүп алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь айынын аягында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарында жашаган Нарындын 30 жаштагы А.уулу Э. Аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

“Аталган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат, криминалдык чөйрөдө туруктуу байланышка жана сыйга ээ”, — деп билдирет ИИМ.

Кармалган жарандын жанынан аз өлчөмдөгү баңгизат табылган.  Эскпертизанын корутундусуна ылайык, ал нашаа баюңгизаты болуп чыккан. Шектүү Сокулук райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>