Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну колдодуКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп бердиТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралууКРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталдыБишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалдыБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөт
(U-16): Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпиону болду
03.11.2023 | 09:00
Кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан өспүрүмдөр курама арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорту департаментинен билдиришти.
Спортчу 52 кг салмакта күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал Кытайлык Тайбейдин мушкерин, андан кийин чейрек финалда түркмөнстандык спортчуну техникалык нокаут менен жеңген. Жарым финалда Япониянын мушкеринен күчтүү болуп чыккан.
Алтын медаль үчүн беттеште Амантур Жумаев казакстандык мушкерди жеңип, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону атанды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз