Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Мандат бериле турчу Канатбек Маматов “Ата-Журт Кыргызстандын” тизмесинен чыгарылды
02.11.2023 | 23:16
Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Канатбек Мурзаевич Маматовду “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим анын жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
Жогорку сот Фархат Исмаиловго карата БШКнын чечиминин мыйзамдуулугу боюнча эки соттун чечимин күчүндө калтыргандан кийин Канатбек Маматов депутаттык мандат алышы керек болчу.
Жасалма диплом аныкталгандан кийин ал мандатынан ажыратылган.
Партиялык тизме боюнча кийинки орунда Чынберди Төлөнов турат.
Жогорку сот Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар