УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
2024-жылкы ажылык сапарга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү
03.11.2023 | 10:26
Сауд Арабия 2024-жылкы ажылык сапарга Кыргызстанга 6 миң 60 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаевдин айтымында, муфтият дагы кошумча квота сурап жатат.
«Быйыл расмий 6 миң 60 квота берилди. Кошумча дагы квота сурап жатабыз. Эң негизгиси ажылыкка жакшы даярдык көрүүнүн аракетинде бир катар жолугушууларды өткөрүүдөбүз»,-деди штаб төрагасы.
Белгилей кетсек, былтыры 6 миң квота бөлүнүп, зыяратчылар 3,9 миң доллар төлөшкөн.
Муфтият калоочуларга VIP-пакет сунуштап, бирок калоочулар болбогондуктан токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом