Майыптыгы бар балдардын “жеке ассистентеринин” айлыгы 1 миң 368 сомго көбөйдү

Майыптыгы бар балдардын “жеке ассистентеринин” айлыгы 1 миң 368 сомго көбөйдү

Майыптыгы бар балдардын “жеке ассистентеринин” айлыгы 1 миң 368 сомго көбөйүп, 6 миң 268 сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министри билдирди.

Буга чейин айына 4 миң 900 сом берилчү.

Мекеменин билдирүүсүндө, патент жана социалдык камсыздандыруу мамлекет тарабынан өзүнчө төлөнөт. Ыктыярдуу патент үчүн республикалык бюджеттен 300 сом, ал эми мамлекеттик камсыздандыруу полиси үчүн аймактык коэффициентти эске алуу менен  617 сомдон 980 сомго чейин бөлүнөт.

«Жеке ассистент” кызматы майыптыгы бар балдарга 2019-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Өткөн жылдын июнь айынан бери бул кызматты 18 жаштан жогору, сырттан дайыма кароого муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдар пайдалана алышат.

Бүгүнкү күндө 13 миң 624 жеке ассистент төлөмдөрдү алууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>