Адахан Мадумаров ооруканадан кайра УКМКнын абагына которулду

Адахан Мадумаров ооруканадан кайра УКМКнын абагына которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров ооруканадан кайра УКМКнын абагына которулду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге анын жактоочусу Юлия Богданова ырастады.

Маалыматка караганда, Улуттук кардиология жана терапия борборунда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү.

Депутат 26-ноябрь күнү, жактоочуларынын өтүнүчү менен ооруканага жаткырылган.

Адахан Мадумаровго каршы козголгон иш сотко өткөрүлдү.

Юлия Богданованын айтымында, 13-ноябрда шаардык сотто депутаттын бөгөт чарасына жана ага каршы козголгон иштин мыйзамсыздыгына байланыштуу арыз каралат.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдун негизинде  «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине шектелип кармалган.

Парламенттин депутаты Гуля Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин, укук коргоо органдарында Мадумаровду аталган айып менен жоопко тартууга парламенттин макулдугун жоктугун белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>