Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Тышкы иштер министрлиги 700 миң сомго желек-тууларды сатып алат
08.11.2023 | 18:15
Тышкы иштер министрлиги 700 миң сомго 415 желек-туу сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Министрлик сыртка илгенге өлчөмү 235*140 см болгон 50 туу, иш бөлмөлөргө койгонго өлчөмү 140*210 см болгон 65 туу (конус түрүндөгү), столдун үстүнө койгон өлчөмү 25*14,5 см 200 желек, унааларга тагып-илгенге өлчөмү 32*19,5 см 100 желек сатып алууну пландап жатат. Министрлик кайсы өлкөлөрдүн тууларын сатып алууну пландап жатканын көрсөткөн эмес.
Тендер боюнча арыздар 15-ноябрга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом