Садыр Жапаров Ташкентке барды

Садыр Жапаров Ташкентке барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>