Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
«Манас» аэропортунун кампасынан 6 тонна апийим саманы табылды
09.11.2023 | 17:47
“Манас” аэропортунун жүктөрдү убактылуу сактоочу кампасынан 6 тонна апийим саманы кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Манас» бажысынын кызматкерлери УКМКнын 6-башкармалыгы менен бирге иш алып барышкан.
Кыргызстанга четтен алынып келинген 24 тонна тамак-аш апийиминин арасынан жалпы салмагы 6 тоннадан ашык апийим саманы табылды.
Бажы кызматы мекеменин тарыхында биринчи жолу мындай өзгөчө ири партиядагы баңги затын өлкөгө киргизүүгө бөгөт коюлганын белгилейт.
Апийим саманы баңги зат болуп эсептелет жана Кыргызстанда тыюу салынган.
Баңгизаттардын так салмагын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар