Жаңы кызматка дайындалган Нурдан Орунтаевдин өмүр баяны

Жаңы кызматка дайындалган Нурдан Орунтаевдин өмүр баяны

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев кызматтан кетип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Архиектура агенттигин Мырзабек Жыпаркулов жетектеп келген. Ал бул кызматка 2023-жылы 26-январда дайындалган.

Ал эми Нурдан Орунтаев вице-мэр кызматында 2022-жылдын август айынан бери иштеп келе жаткан.

Өмүр баяны 

Нурдан Орунтаев 1989-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында туулган.

Билими:

— 2006-2011-жалдары — Россиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясы, «юриспруденция», «соттук криминалистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2011-2012 — жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 2012-2014 — жылдары — ИИМ Академиясынын окутуучусу;

— 2015-2016 — жылдары — Октябрь райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2016-2018 — жылдары — Октябрь райондук ИИБдин улук тергөөчүсү;

— 2018-2019 — жылдары — Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;

— 2019 — жылы — Чүй облусунун Москва райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2019-2020 — жылдары — Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБдин тергөө кызматынын начальниги;

— 2020-2021 — жылдары — ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү;

— 2021 -жылы — ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

— 2022 — жылы — Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору;

— 2022-жыл, август — Бишкек шаарынын вице-мэри;

— 2023-жыл, ноябрь — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>