Кыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтардыЕБ өкүлү кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштар жөнөтүлгөнүн айттыАк-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирдиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөтТөө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлдуПакистан менен Ооганстандын ортосунда аскердик кагылышуу күч алды
Атамбаевди кайтарган мам.күзөтчүлөр алындыбы? УКМКнын жообу
28.06.2019 | 10:59
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери алынды деген маалыматты төгүндөдү.
Мекеменин билдиришинче, учурда экс-президентти кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле.
Атайын кызмат Атамбаевдин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда кошумча күзөт кызматкерлер менен күчтөп берүүгө даяр экенин билдирген.
Бүгүн бир катар басылмалар Атамбаевди колдоо штабынын өкүлдөрүнө таянуу менен экс-президентти кайтарган мамлекеттик күзөттүн кызматкерлеринин кетип калганын жазып чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар