Рубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды
Атамбаевди кайтарган мам.күзөтчүлөр алындыбы? УКМКнын жообу
28.06.2019 | 10:59
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери алынды деген маалыматты төгүндөдү.
Мекеменин билдиришинче, учурда экс-президентти кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле.
Атайын кызмат Атамбаевдин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда кошумча күзөт кызматкерлер менен күчтөп берүүгө даяр экенин билдирген.
Бүгүн бир катар басылмалар Атамбаевди колдоо штабынын өкүлдөрүнө таянуу менен экс-президентти кайтарган мамлекеттик күзөттүн кызматкерлеринин кетип калганын жазып чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар