Таштандыга ташталган ымыркай. Оор шартка туш болгон үй-бүлө кайрыла турган мекемелер

11.11.2023 | 15:54

Ымыркайдан баш тартууну каалаган эне төрөт үйүндө арыз жазып таштап кете алат. Бул тууралуу маалыматты Бишкек мэриясы жарандарга эскертүү иретинде жарыялады.

Муниципалитет өлкө жарандарын ата-эне болуу маселесине олуттуу кароого, алдын-ала пландоого чакырат.

Ымыркайдын таштандыга таштоонун ордуна балдар үйүнө өткөрүп берүүгө болорун белгилейт. Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору Белорусская көчөсүнүн №121 дарегинде жайгашкан.

Оор шартка туш болгон ата-энелер Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылса болот:

– Свердлов администрациялык району төмөнкү дарек боюнча: Чүй – 28, 222-кабинет; тел. 0312 53-05-76.
– Октябрь администрациялык району төмөнкү дарек боюнча: Байтик Баатыр – 17, тел. 0312 51-03-75.
– Биринчи май администрациялык району: Жибек-Жолу – 495 “б” дареги боюнча, тел. 0312 67-03-86.
– Ленин администрациялык району: Литвинов көчөсү – 2, тел.0312 88-38-99.

Белгилей кетсек, 8-ноябрь түнү Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Ал дароо №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу, айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.
Бүгүн баланын энеси – 21 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалды. Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top