Балдар аянтчасынан 3 жашар кызды уурдаган аял кармалды

Балдар аянтчасынан 3 жашар кызды уурдаган аял кармалды

Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан «Аламедин Гранд» соода борборунун балдар оюн-зоок залынан 3 жашар кызды уурдап кеткен 25 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага каршы адам уурдоо беренеси менен иш козголду.

3-жашар кыз 9-ноябрь күнү балдар залында ойноп жаткан жеринен жоголгон. Милицияга арыз менен кыздын апасы кайрылган.

Аны издөөгө Бишкек жана Чүйдүн 800 кызматкери тартылган. Видео көзөмөл аркылуу саат 19:50 чамасында 13 жаштагы өспүрүм бала кызды колуна көтөрүп, соода борборунан чыкканы аныкталган. Андан кийин аял менен бирге “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү маршруткага түшүп кетишкен.

Маршрутканын айдоочусу аял эки бала жана 3 жашар кыз менен менен кайсы жерден түшүп калганын айтып берет. Кыз Васильевка айылынан табылып, ата-энесине тапшырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>