Таштандыга ташталган ымыркай. Оор шартка туш болгон үй-бүлө кайрыла турган мекемелер

Таштандыга ташталган ымыркай. Оор шартка туш болгон үй-бүлө кайрыла турган мекемелер

Ымыркайдан баш тартууну каалаган эне төрөт үйүндө арыз жазып таштап кете алат. Бул тууралуу маалыматты Бишкек мэриясы жарандарга эскертүү иретинде жарыялады.

Муниципалитет өлкө жарандарын ата-эне болуу маселесине олуттуу кароого, алдын-ала пландоого чакырат.

Ымыркайдын таштандыга таштоонун ордуна балдар үйүнө өткөрүп берүүгө болорун белгилейт. Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору Белорусская көчөсүнүн №121 дарегинде жайгашкан.

Оор шартка туш болгон ата-энелер Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылса болот:

— Свердлов администрациялык району төмөнкү дарек боюнча: Чүй — 28, 222-кабинет; тел. 0312 53-05-76.
— Октябрь администрациялык району төмөнкү дарек боюнча: Байтик Баатыр — 17, тел. 0312 51-03-75.
— Биринчи май администрациялык району: Жибек-Жолу — 495 «б» дареги боюнча, тел. 0312 67-03-86.
— Ленин администрациялык району: Литвинов көчөсү — 2, тел.0312 88-38-99.

Белгилей кетсек, 8-ноябрь түнү Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Ал дароо №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу, айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.
Бүгүн баланын энеси — 21 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалды. Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>