Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Бишкекке Валентина Матвиенко баштаган делегация келди
15.11.2023 | 19:33
Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева тосуп алды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17- ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом