Бактыбек Саипбаев: Энергетика маселесин чечмейинче, тоо-кен казып алуу иши ордунан жылбайт
«Ой-Ордо» эксперттик демилгелер борборунун форумунда саясат таануучу Бактыбек Саипбаев жер казынасы тууралуу талкууну кеңирирээк контекстке — энергетика, суу ресурстары жана геосаясат нугуна бурду. Анын ишениминде, тоо-кен тармагынын потенциалы жөнүндөгү бардык сөздөр бир фундаменталдуу маселени — электр энергиясын кайдан алабыз деген суроону чечмейинче, куру бекер бойдон кала берет.
Саипбаев жашыл энергетика тууралуу талкууларда басым шамал менен күнгө жасалып, ал эми гидроэнергетика — ал дагы кайра жаралуучу энергия булагы экенине карабастан — көмүскөдө калып жатканына таң калуусун билдирди.
«Эмне үчүн биз Нарындагы электр станциялар каскады боюнча маселени эч чече албай жатабыз? Эмне үчүн Сары-Жаз боюнча эч нерсе чечилген жок? Биздин потенциал мына ушул жакта», — деп билдирди ал.
Анын айтымында, так ушул электр энергиясынын тартыштыгы пайдалуу кендерди казып алууну — анын ичинде кайра иштетүүгө эбегейсиз зор энергияны талап кылган сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүүнү өнүктүрүүнү кармап турат.
Эксперт атомдук энергетика маселесин өзүнчө көтөрдү. Өзбекстан чакан АЭСтердин каскадын ишке киргизип жатат, ал эми Казакстан ар кандай өнөктөштөр менен бир эле учурда бир нече станцияларды курууну пландаштырууда.
«А биз эмне эле дайыма отуруп алып ойлоно беребиз? Росатомдун өкүлдөрү бизде 3-4 жылдан бери ары да, бери да жылбай турушат. Бул маселени дагы чечүү керек», — деп белгиледи Саипбаев.
Мындан тышкары, Саипбаев мөңгүлөрдүн деградациясы (экологиялык бузулушу) темасына да токтолду. Ал маркум окумуштуу Эмил Шүкүровдун мөңгүлөрдүн айланасындагы тоо капталдарына массалык түрдө тянь-шань карагайын тигүү зарылдыгы тууралуу айткандарын мисалга тартты. «Гидробиотикалык насос» принциби боюнча дарактар булуттарды пайда кылып, алар мөңгүлөргө жамгыр болуп жаап, алардын эрүүсүн жайлатат.
«Кыргызстан менен Тажикстан мындай милдетти жалгыз чече албайт. Биздин сууну алып жаткан Казакстан менен Өзбекстан бир туугандык жардам көрсөтүп, биргелешип көчөт тигүү үчүн адамдарын жөнөтсө болмок», — деп чакырды эксперт.