Пикирлер» системасы: Эми жарандар аткаминерлерге түз арыздана алышатАйдоочуларга эскертүү! 17–18-сентябрда Бишкектеги негизги көчөлөрдө чектөө болотБишкекте жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөтҮйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылды
Кыргызстандык каратэчилер дүйнө чемпионатында 3 медаль жеңди
30.11.2023 | 23:22
Кыргызстандын каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама командасы Алматы шаарында өткөн дүйнө чемпионатына 3 медаль (1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минимстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катедттер арасында 50 кг чейинки салмакта Селина Алисултанова күмүш медалга ээ болду.
Ошондой эле 50 кг чейинки салмакта Милана Зацепилина жана 47 кг чейинки салмак ченинде Максим Дахин коло медалга ээ болушту.
Мелдеш 24-26-ноябрь күндөрү өтүп, 33 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.
Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Шевченко Сергейдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт