Алматыдагы өрттөн 13 адам каза болду. Жапаров Токаевге көңүл айтты

Алматыдагы өрттөн 13 адам каза болду. Жапаров Токаевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканадагы өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“30-ноябрда Алматыдагы мейманканада чыккан өрттө адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркумдардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Казакстандык ЖМКлар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, Алматыдагы жатаканадагы өрттүн кесепетинен 13 адам каза болгон. Алдын ала версия боюнча, адамдар көмүр кычкыл газынан ууланышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой, каза болгондордун тогузу Казакстандын, экөө Өзбекстандын жана экөө Орусиянын жараны болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>