Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен таанышты
Кыргызстандык парадзюдочу эл аралык мелдеште алтын медаль утту
04.12.2023 | 18:57
Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Жапонияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кезектеги гран-при сериясындагы турнир 4- декабрь күнү башталды. Ата мекендик спортчу 48 кг чейинки салмак ченинде катышты. Ал 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалда аргентиналык спортчуну артта калтырган.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште жапониялык Хангаи Шизукини жеңип алтын медалдын ээси болуп калды.
Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү Кытай Эл Республикасында өткөн Пара Азия оюндарында дагы Шизуки менен кес келип жыйынтыгында жеңүүчү аталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт