Электро чокусу Амир чокусу деп өзгөртүлөбү? Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жообуБаалар бир жылда 11,1% өстү, экономика 10,5%га өстү: 10 айдын жыйынтыгыКыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо243 млрд сом кайдан? Бекешев Кыргызстандын 2026-жылкы бюджетин кайра кароо тууралууОш базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыЧикагодо Кыргызстандан чыккандар технологиялык стартаптардын сынагын уюштурушту
Кыргызстандык мугалим эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болду
04.12.2023 | 19:10
Нарын районунун Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.
Белгилей кетсек, орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрында Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.
Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар