Кара-Сууда эже-сиңдилер бөтөн адамдардын үйлөрүн 32 миллионго сатып жиберген

19.12.2023 | 10:42

Кара-Суу районунда О.А. жана О.Ж. аттуу 43 жана 42 жаштагы эже-сиңдилер алдамчылыкка шектелүүдо. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Алардын маалыматында, бир туугандар документтерди жасап, аларга тиешеси жок бөтөн адамдардын үйүн жалпысынан 32 миллион 400 миңден сомдон ашык суммага сатып жиберишкен.

Үйдүн бири 90 чарчы метр 21 миллион 189 миң сомго, экинчиси – 11 миллион 300 миңге бааланган.

[image_carousel source=”media: 203218,203216″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Шектүүлөр кармалып, бул ишке мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары дагы катышканы маалым болуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top