Мектеп окуучусу Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетине өттү

Мектеп окуучусу Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетине өттү

Бишкек шаарындагы мектептин окуучусу Нуркыз Ыдырысова АКШдагы Стэнфорд университетине өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  билим берүү борборунун жетекчиси Алтынбек Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, Нуркыз Ыдырысова кабыл алуу сынактарын мыкты тапшырып, 335 миң доллар эсебинде грант утуп алды. Бул каражат анын окуу акысын, жатакана жана башка чыгымдарын жабат.

“Нуркыз  — бул университеттин бакалаврына өткөн биринчи кыргызстандык. Окуу жайда магистратуранын аяктаган ондой мекендешибиз бар. Аталган университет эл аралык рейтингде экинчи орунда турат. Ага дүйнөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 3 пайызы гана өтөт. Бул олимпиадада алтын медаль алганга барабай окуя”, — дейт Алтынбек Бегалиев.

Нуркыз Ыдырысова Стэнфорддо аэроинженерияны (космос индустриясын) окуйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>