“Тонуңду өзгөртүп сүйлө”. Тууну өзгөртүү боюнча талкууда депутаттар айтыша кетти

“Тонуңду өзгөртүп сүйлө”. Тууну өзгөртүү боюнча талкууда депутаттар айтыша кетти

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо учурунда депутаттар — Мирлан Самыйкожо менен Улан Примов кайым айтышты.

Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү авторлор тарабынан сунушталбаганын белгиледи. Анын бул сөзүн жыйында олтурган авторлор — Жусупбек Матанов менен Бекбосун Жайчыбеков дагы ырастады.

«Улан Бердибаевич, баягыда оозу мурдубуз кыйшайбай эле авторлор демилге көтүрүп жатат дебедик беле?», — деп сурады эл өкүлү.

«Бул жер тергөө органы эмес. Тонуңузду өзгөртүп, сый мамиле менен, «оозу-мурду кыйшайбай» дебей суроо бериңиз. Мен талап кылам. Менде дагы диксия бар. Сиз дагы мени чектей албайсыз. Маданияттын өкүлү болгондон кийин, маданияттуу болуңуз», — деди Улан Примов.

Мирлан Самыйкожо кесиптешин, демитпей суроолорго жооп берүүгө чакырды. «Сиз мен үчүн эч ким эмессиз. Демитпей сүйлөңүз», — деди ал.

Депутат мамлекеттик тууга өзгөртүүлөр бир күн жокко чыгарылып, азыркы варианттына кайтып келерин айтты.

«Туунун авторлорунун бирөө гана макул болуп, экөө каршы болуп жатат. Азыр чамгарактын санын көбөйтүү өзгөртүү эмес түздөө деп жатабыз. Анда адамдын эки кашына дагы эки каш кошуп койсок өзгөртүү болобу, же оңдоо болобу? Астана шаары убагында Нурсултан болуп өзгөртүлүп, кайра өз атына кайтып келди. Бөркүңөрдөй ишенип койгула, 20-30 жылдан кийин биз азыркы тууга кайтып келебиз», — деп эскертти.

Комитет мыйзам долбоорун 5 фракциясынын өтүнүчү менен экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, парламенттин жалпы жыйынында кароого жөнөттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>