Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Таластагы балатыны орнотууга канча акча сарпталганы айтылды
26.12.2023 | 10:20
Талас шаарында облустук администрациянын имаратынын алдындагы жаңы жылдык балатыны орнотууга канча акча сарпталганы айтылды.
Мэриянын маалыматы боюнча, балаты үчүн быйыл шаардык бюджеттен 100 миң сом каралган. Анын 60 миң сомуна балаты сатып алынса, 40 миң сом жасалгалоо иштерине кеткен.
25-декабрда Таластагы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Ага мэр Эрмат Жумаев, анын биринчи орун басары Максат Байджигитов жана шаар тургундары катышкан.
Белгилей кетсек, жарандар Таласта орнотулган балатыны жактырган эмес. Алар балатынын көрксүз болуп калганын айтышып, шакаба кылгандар да болгон. Ошол эле учурда балатыны орнотууга өтө эле көп чыгым кылуунун кереги жок деген пикирлер айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом