Айыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралуу
Казакстанда 5 миң теңгелик жаңы банкнота чыгарылды
26.12.2023 | 10:00
Казакстанда 5 миң теңгелик жаңы банкнота чыгарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Жаңы дизайндагы акча “Сак стили” сериясындагы биринчи банкнота болуп саналат. Ал 2024-жылдын март айынан тарта массалык колдонууга берилет. Ага чейин аймактарга жеткирүү, банкомат, терминал сыяктуу жабдууларды жаңы банкноткага ыңгайлаштаруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Казакстанда учурда да 5 миң теңгелик банкнота бар. Жаңы жана эски банкноталар 2024-жылдын 24-декабрына чейин бирдей колдонууда болот. Андан кийин эски үлгүдөгү акча 3 жыл бою банктар менен Казпочтада жаңысына алмаштырылат. Ал эми Улуттук банкттын өзүндө эски банкнотаны жаңысына алмаштыруу мөөнөтү чектелбейт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом