1-январдан тарта Төө ашуудагы тоннелден өтүү акысы кымбаттайт
2024-жылдын 1-январынан тарта “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөрөт. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө алынат:
– жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;
– жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
– Дөнгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
– 8ден ашык орундуу, максималдуу массасы 5 т. ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
– жүк ташуучу (3,5 т ашкан, бирок 12 т) транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
– жүк ташуучу (максималдуу массасы 12 т) транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
– айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз