1-январдан тарта Төө ашуудагы тоннелден өтүү акысы кымбаттайт

1-январдан тарта Төө ашуудагы тоннелден өтүү акысы кымбаттайт

2024-жылдын 1-январынан тарта «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөрөт. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө алынат:

— жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;

— жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;

— Дөнгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;

— 8ден ашык орундуу,  максималдуу массасы 5 т. ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;

— жүк ташуучу  (3,5 т ашкан, бирок 12 т) транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;

— жүк ташуучу (максималдуу массасы 12 т) транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;

— айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>