Бишкекте тургундун 80 миң сомдук телефонун уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте тургундун 80 миң сомдук телефонун уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте тургундун 80 миң сомдук телефонун уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-декабрда Ош базар жакта, Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгилсиз адам шаар тургунунун күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 80 миң сомдук iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткен. Телефонун уурдаткан жаран милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо ) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана «Чөнтөк уурулукка жол жок» аттуу профилактикалык иштердин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.З. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам мурда уурдалган телефонду милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Чөнтөк уурулукка жол жок! Бишкекте милиция алдын алуу иш-чарасын жүргүзүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>