Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдеште 17 медаль жеңишти

28.12.2023 | 20:10

Кыргызстандын оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Көкшетау шаарында (Казакстан) өткөн В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште 17 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Мелдеш 18-25-декабрь күндөрү өттү.

Алтын медалдын ээлери:

– 55 кг Арсен Өмүржанов (өспүрүмдөр арасында);

– 67 кг Талант Туратбеков (жаштар арасында);

– 73 кг Нурчолпон Нурланбек уулу (жаштар арасында);

– 81 кг Азамат Жайлообек уулу (өспүрүмдөр арасында);

– 81 кг Дилмурад Кубанахун уулу (чондор арасында);

– 89 кг Айтегин Жолдошкулов (өспүрүмдөр арасында);

– 89 кг Рыскелди Алишеров (жаштар арасында);

– +102 кг Элдар Төлөмүшов (өспүрүмдөр арасында);

– 67 кг Аскат Канатбеков (өспүрүмдөр арасында);

– 61 кг Эрбол Сарпашев (өспүрүмдөр арасында);

Күмүш медалдын ээлери:

– 89 кг Арслан Молдодосов (кичи өспүрүмдөр);

– 55 кг Мухамемед Миназаров (өспүрүмдөр);

– 59 кг Айдай Курбанбек кызы (жаштар арасында);

– 89 кг Тургунбек Шаршеев (жаштар арасында);

– 49 кг Арсен Шарипов.

Коло медалдын ээлери:

– 67 кг Хамза Самидинов (өспүрүмдөр арасында);

– 55 кг Турдубек Калыбеков (өспүмдөр арасында).

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top