Кыргызстанда дээрлик 2 миң адам «санариптик көчмөн» макамын алды

Кыргызстанда дээрлик 2 миң адам «санариптик көчмөн» макамын алды

Кыргызстанда 1975 миңден ашуун адам санариптик көчмөн статусун алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрынан тарта ишке ашырылууда. Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу.

“Санариптик көчмөн” макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия Федерациясынын жарандары бере алышат.

«Санариптик көчмөн макамын алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат.

Азыркы учурда «санариптик көчмөн» макамы1975 чет өлкөлүк жаранга берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>