Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кармалган ишкер үйүнө чыгарылды
29.12.2023 | 17:45
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышка жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга шектелип кармалган “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Маалыматты Reporter.kg’ге Свердлов райондук сотунан ырасташты.
Чолпонбек Акматов эч жакка кетпөө тил каты менен Бишкектеги Тергөө абагынан чыкты.
Ишкер 12-октябрда кармалган.
Белгилей кетсек, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин бир нече ишкерлер Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешени адалдоо» беренеси боюнча шектелип кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом