Жалал-Абаддын милициясы жарандарды Жаңы жылы менен өзгөчө куттуктады (видео)

Жалал-Абаддын милициясы жарандарды Жаңы жылы менен өзгөчө куттуктады (видео)

Жалал-Абад облустук милициясы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт.

Майрамды утурлай милиция кызматкерлери кызматтык унаалар менен шаардагы борбордук “Эркиндик” аянтына 2024 жазуусун жазган. Ага облустук, шаардык, Сузак районунун, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүмү, жол милициясынын кызматкерлери катышкан.

“Майрамдык маанайды көтөрүү, Жалал-Абад облусунун тургундарына жана меймандарына позитивдүү ой калтыруу идеясы Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Жеңишбек Абитов тарабынан демилгеленип, анын  орун басары Зарылбек Раимкулов, Жалал-Абад облустук жана Жалал-Абад шаардык ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылды.

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына тизилген автоунааларды дрон жана видеокамера менен тартуу, монтаждоо иштери Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын улук инспектору Шеркул Турганбаев тарабынан жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>